Биз менен байланышыңыз

Президент Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 622 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-июлда  Германиянын канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Куттуктоо телеграммасында Ангела Меркелдин тажрыйбалуу дүйнөлүк лидер катары Европа континентинде гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө тынчтыкты жана өсүп-өнүгүүнү камсыз кылууда кошкон салымынын баа жеткис экендигин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер мындан ары дагы конструктивдүү жана достук маанайда өнүгө берерине ишенимин билдирген.

Ошондой эле, президент Сооронбай Жээнбеков Германия канцлери Ангела Меркелге бекем ден соолук, бакубатчылык жана жогорку мамлекеттик кызматта мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Copyright © 2017 Maral FM