Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Дубайдагыдай акылдуу милиция долбоору ишке ашат

Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 1654 | 0

Бишкек ШИИБинин башчысы Канат Жумагазиев жана ИИМдин академиясынын башчысы Адылбек Бийбосунов Дубайдын Ички иштер башкы башкармалыгынын штаб-квартирасына барып, Дубайдын полиция жетекчиси генерал-майор Абдулла Халифа Аль-Марри менен жолугушту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Бишкекте «Smart Police Station» долбоорун курууга программалык жана техникалык жардам көрсөтүү боюнча Дубайдын полициясынын колдоосу менен келишим түзүлдү.

«Smart Police Station» долбоору биринчи жолу Дубайда 2017-жылы иштелип чыккан жана ишке киргизилген IT-технологиялар жана программалык камсыздоонун жардамы аркылуу көзөмөлдөөнү жакшыртуу жана сактоого багытталган, санариптик кызматтардын бир түрү болуп саналат.

Аталган макулдашууларды ишке ашыруу максатында Дубайдын полиция кызматы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин жана эксперттерди криминология боюнча курстарды жана IT программаларды окутуп, үйрөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жетишилген макулдашууларды бекемдөө үчүн  Кыргызстандын ИИМи менен Дубайдын полициясынын ортосунда кызматташуу жана коопсуздук боюнча меморандумга кол коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM