Биз менен байланышыңыз

Лебединовкадагы турак үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды

Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 422 | 0

Бүгүн, 17-июлда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын Победа көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 өрт өчүрүү кызматы тартылган. Такталган маалымат боюнча, Лебединовка айылынын Победа көчөсүндөгү турак үйүнөн чыккан өрт саат 15:16да чектөөгө алынган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.

 

Copyright © 2017 Maral FM