Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореянын премьер-министри расмий сапары менен Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 406 | 0

Түштүк Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ён расмий сапары менен Кыргыз Республикасына келди. «Манас» эл аралык аэропортунан аны Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Корея Республикасынын Премьер-министринин расмий сапарынын алкагында бир нече иш-чара пландаштырылган.

Атап айтсак, Кореянын 50дөн ашуун компаниясынын катышуусунда кыргыз-корей бизнес-форуму өтөт. «В2В» түрүндөгү жолугушууларды, ошондой эле,  эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрүү пландалган. Сүйлөшүүлөрдө тараптар соода, айыл чарба, саламаттык сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстилдик өнөр жай, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө багытында кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары, Түштүк Кореянын премьер-министрин Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM