Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбековдун БАЭдеги расмий сапары башталды

Кыска кабар | 11 Дек 2019 | 530 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда, Бириккен Араб Эмираттарына расмий визитинин алкагында Абу-Даби шаарында курман болгон жокерлердин Мемориалына гүлчамбар койду.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Азем Ардактуу кароолдун ротасынын катышуусу менен аскердик оркестрдин коштоосунда өттү.

Мамлекет башчысы Мекенинин алдында милдетин аткаруу учурунда курман болгон Эмираттын жоокерлери менен мамлекеттик кызматкерлерин эскерди. Аскердик даңк залын көрүп чыкты жана ардактуу меймандар китебинде кол жазмасын калтырды.

«Wahat Al Karma» («Ар-намыс оазиси») Мемориалдык комплекси — бири-бирине таянып турган 31 панелден куралган архитектуралык композиция. Алардын ар биринин бетине курман болгон жокерлердин ысымдары жазылган. Ал улуттук биримдиктин жана ынтымактын баалуулуктарын көрсөтүп турат.

Copyright © 2017 Maral FM