Connect with us

Президент Баткен облусуна иш сапары менен барат

Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 1521 | 0

Бүгүн, 10-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна эки күндүк иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Иш сапарынын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков калкты таза суу менен камсыздоо, ирригация түйүндөрүн кеңейтүү, ошондой эле инфратүзүм жана айыл чарба долбоорлорунун ишке ашуусу менен таанышат.

Мындан сырткары, Баткен облусунун билим берүү, социалдык жана маданий объектилеринин абалынан кабар алат.

Президент ошондой эле Лейлек районунун тургундары менен жолугушуу өткөрөт.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Мамлекет башчысы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна барган.

Copyright © 2017 Maral FM