Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбеков Сауд Арабияда (фото, видео)

Кыска кабар | 16 Дек 2019 | 1270 | 0

Бүгүн өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун Сауд Арабия Королдугундагы расмий иш сапары башталат. Мамлекет башчысы Эр-Риядга кечээ барган. Жээнбековдун Сауд Арабияга визити Сауд Арабия Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауддун чакыруусу менен болууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Расмий визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Салман бин Абдельазиз Аль Сауд, Мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд жана Аш-Шура Мажилисинин төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибраим Аль Аш-Шейх менен жолугушат.

Мындан тышкары, Сауд Өнүктүрүү Фондусунун Директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары, аткаруучу директор Халид Аль-Худайри жана Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар М. Х. Хаджар менен жолугушуулары пландалган.

Ошондой эле, расмий визиттин алкагында Жээнбеков Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы Элчилигинин имараттарынын жаңы комплексинин расмий ачылышына катышат жана мекендештер менен жолугушат.

View this post on Instagram

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 15-декабрда, расмий визити менен Сауд Арабия Королдугуна учуп барды. Мамлекет башчысы Сауд Арабиясына визитин эки Ыйык мечиттин Көзөмөлдөөчүсү, Сауд Арабия Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауддун чакыруусу менен жасоодо. Расмий визиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд, Мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд жана Аш-Шура Мажилисинин төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибраим Аль Аш-Шейх менен жолугушат. Мындан тышкары, Сауд Өнүктүрүү Фондусунун Директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары, аткаруучу директор Халид С. Аль-Худайри жана Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар М. Х. Хаджар менен жолугушуулары пландалган. Ошондой эле расмий визиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имараттарынын жаңы комплексинин расмий ачылышына катышат жана мекендештер менен жолугушат.

A post shared by Марал радиосу📻 (@radio_maral) on

Copyright © 2017 Maral FM