Биз менен байланышыңыз

АКШ Нью-Йорктогу ирандык дипломаттардын кыймылына чектөө киргизди

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 540 | 0

АКШ кызматтык сапар менен Нью-Йоркто жүргөн ирандык дипломаттардын жана алардын үй-бүлөсүнүн жүрүм-турумуна чектөө киргизди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, ирандык дипломаттар БУУнун имараты, Жон Кеннеди эл аралык аэропорту, Ирандын АКШдагы элчилигинин резиденциясы сыяктуу саналуу гана имараттарга кире алат. Ирандык дипломаттарга болгон мындай чектөөлөрдүн себебин Америка тарап ачыктаган эмес.

24-июнда АКШ президенти Дональд Трамп Иранга карата киргизилген санкцияларды күчөтүү жарлыгына кол койгон.

АКШ бийлиги май айында Иранды «Өзөктүк программа боюнча макулдашуунун шарттарын аткарбай жатат», — деп айыптап, келишимден чыгып кеткен. Артынан Иранга саясий-экономикалык санкцияларды удаама-удаа киргизип, алар 7-августта жана 5-ноябрда ишке киришкен. Муну менен бирге, Иран менен кызматташа турган тараптарды да санкция күтөрүн эскертип келет.

Иран АКШны өзөктүк келишимди таануусун талап кылып, 7-июлдан тарта уран байытуунун деңгээлин 2015-жылдагы өзөктүк келишимде белгиленген 3,67 % чектен ашырып жиберген.

Copyright © 2017 Maral FM