Биз менен байланышыңыз

Москвада мекендештерин тоноого шектүү кармалды

Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 495 | 0

Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча аймактык түзүмдөрүнүн бөлүмү тарабынан эмгек мигранттарын опузалоого жана карактоого шектелген Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну, учурда Орусияда эмгектенген адам кайрылган. Ал «Баха» аттуу чала тааныш бир адам белгисиз шериги экөө курал менен коркутуп, ири суммадагы акчасын тартып алганын айткан.

Аталган факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн аракети менен «Баханын» өздүгү такталып, ал Ош облусунун Өзгөн районунун 1977-жылы туулган Б. К. аттуу тургуну экенин аныкташкан.

Кылмышка шектүү жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. 90-жылдардын аягында жана 2000-жылдардын башында Кыргызстандын аймагында 17 жолу каракчылык-тоноочулук иштерин жасаган, 7 жолу уруулук кылган, ошондой эле, бир жолу абактан качып, кайра кармалган. Андан сырткары, Казакстандын аймагында болгон адам өлтүрүү ишине катышы бар экени аныкталып, абакка отуруп чыккан.

Ушул жылдын июль айынын башында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Москва шаарынын аймагынан Б.К. аттуу жаран кармалып, эмгек мигрантына карактап кол салгандыгы толук далилденди.

Орусиянын мыйзамына ылайык, кармалган жаран тергөө бүткөнгө чейин Москва шаарындагы тергөө абагына камалат.

Азыркы учурда кармалган жарандын башка кылмыш иштерине тиешеси бар-жогу териштирилип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM