Биз менен байланышыңыз

Олег Панкратов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 605 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда кол койгон жарлыкка ылайык Олег Панкратов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кошумчалай кетсек, Олег Панкратов 2018-жылдан бери Экономика министри кызматтын аркалап, ушул жылдын 24-майында өз каалоосу менен кызматынан кеткен. Ага чейин 2015-жылдан баштап 2017-жылга чейин вице-премьер-министр болуп иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM