Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек арасынын калган тилкелерин чийүү талкууланды

Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 706 | 0

Ош шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелери боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жана Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Эльёр Ганиевдин катышуусунда кыргыз- өзбек өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сызыгын чийүү боюнча сунуштар талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик чек ара тилкесинин айрым тилкелерин биргелешип талаада текшерүү өткөрүү макулдашылды. Сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүшүү жана достук маанайда өттү.

Кийинки жолугушууну Өзбекстандын аймагында өткөрүү пландаштырылды.

Copyright © 2017 Maral FM