Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы 6 айда 7,7 млрд сом жашырылган салыкты бюджетке эсептеди

Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 546 | 0

Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын 6 айында ишкерлерге 5 миң 868 текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 7 млрд 717,4 млн сом өлчөмүндө салыктын жашырылган суммасы бюджетке кошумча эсептелди.

Аталган иштин материалдары боюнча келип түшүүлөр 5 млрд 874,7 млн сомду түздү, бул өткөн жылдын 6 айына салыштырмалуу 1 млрд 566,2 млн сомго, же 76,1 %га көп.

Мындан сырткары, жыл башынан бери жалпы кошумча кошуп эсептелген 1 млрд 316,4 млн сом өлчөмүндөгү салыктык текшерүүлөрдүн 115 материалы тийиштүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына берилди.

Copyright © 2017 Maral FM