Биз менен байланышыңыз

Корей өлкөсүнүн премьер-министри Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 641 | 0

Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ён 17-июлунан 19-июлуна чейин расмий сапары менен Кыргызстанга келет.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Кореянын премьер-министринин расмий сапарынын алкагында бир нече иш-чара пландаштырылган. Анын ичинде кореялык 50дөн ашуун компаниянын катышуусунда 2 кыргыз-корея бизнес-форумун, «В2В» түрүндөгү жолугушууларды, ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода, айыл чарба, саламаттык сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстилдик өнөр жай, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө багытында кызматташууну мындан ары карай өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле Корея Республикасынын премьер-министрин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM