Биз менен байланышыңыз

Британиядан велосипед менен ажыга жөнөгөндөр Түркияга жетишти

Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 1342 | 0

Быйыл британиялык 8 мусулман ажылык сапарга велосипед менен чыгышты. Бул тууралуу islam.ru сайты жазды.

Ажылыкка аттанган «Tour de Haj» деп аталган топ сапарга Лондондон 7-июнь күнү чыгышкан. Алар 60 күндөн соң Мединага жетүүнү болжолдошууда.

Британиялыктар Түркиянын Стамбул шаарына токтошкон. Белгилей кетсек, Стамбул шаары британиялыктардын 15-аялдамасы болгон.

Велосипед менен мындай узак сапарга чыккан топ Стамбулдан Египетке учак менен барышмакчы. Анткени, алардын Ирак менен Сирияны кесип өтүүгө мүмкүнчүлүгү жок.

Велосипед менен ажылыкка аттанган топ жалпысынан 17 мамлекетте болушуп, 6500 чакырымды басып өтүшөт.

Copyright © 2017 Maral FM