Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Ажы сапарына аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу Мединага учат

Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 508 | 0

Бүгүн 16-июлдан 17-июлга караган түнү ажылык сапарга аттангандардын алгачкы тобу Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарына учуп кетет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Бишкек шаарынан учуучу алгачкы топто 392 зыяратчыны 8 ажы башчы коштоп бармакчы. Алар Бишкек-Медина багыты боюнча «Манас» эл аралык аэропортунан Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарына учушат.

Ажы зыяратына жол алгандардын алгачкы тобун узатуу иш-чарасына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев,  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, Сауд Арабия Падышачылыгынын Кыргызстандагы элчилигинен, 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын башчысы Замир кары Ракиев катышат.

Ажыга аттанган ар бир жаран учуу графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн 5 саат мурда аэропортко барып, каттоого даярдануусу зарыл экенин муфтият эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM