Биз менен байланышыңыз

БУУ: Дүйнө боюнча 820 миллион адам ачкачылыкта

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 630 | 0

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, 2018-жылы 820 миллион адам ачкачылыктан жабыр тарткан. Алардын саны мурдагы жылга салыштырмалуу 9 миллионго өскөн. Дүйнө боюнча алганда ар бир тогузунчу адам тамак-аштын жетишсиздигине кабылган.

Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, дүйнөнүн бар тарабы ачкачылыктан жабыркап жатса, дагы бир тарабында семирүү, ашыкча салмак менен ооругандар көбөйүүдө.

«Аталган көйгөйлөр менен күрөшүү бир эле дүйнөлүк уюмдардын милдети эмес, ар бир аймак өз алдынча да аракетин күчөтүү керек», — деп белгилейт Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму.

Copyright © 2017 Maral FM