Биз менен байланышыңыз

ДССУ коронавирустун очогу болгон жайды атады

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Июл 2020 | 732 | 0

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус инфекциясынан сактануу үчүн түнкү клубдарга барбоону сунуштайт. Бул тууралуу уюмдун өкүлү Мария Ван Керкхов билдирди.

Биз эч качан түнкү клубдар тууралуу мынча көп айткан эмеспиз. Бирок учурда мындай жайлар оорунун очогу болуп жатат, — деди ал.

Мария Керкхов түндө иштөөчу мекемелердин баарын жабуу керектигин айтпаганын, оорунун очогу болгон жайларды аныктап, ал жерлерге чектөө киргизип же убактылуу жабуу керектигин айтат.

Ал түнкү жайларга барган адамдардын жоопкерчилиги коопсуздук маселесинде маанилүү экенин белгилеп: —Алдыңкы катарда иштеп, тобокелдикке барып жаткан адамдар үчүн, балким, айрым чектөөлөрдү киргизишибиз керек, — деди.

Copyright © 2017 Maral FM