Биз менен байланышыңыз

Саламаттыкты сактоо министрлигине «Алтынкен» ишканасы гумжардам көрсөттү

Кыска кабар | 12 Апр 2020 | 476 | 0

Саламаттык сактоо министрлигине коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн «Алтынкен» алтын кен иштетүүчү ишканасынан гуманитардык жүк тапшырылды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттан билдирди.

Иш-чарага вице-премьер-министр Аида Исмаилова, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, Кыргызстандагы Кытай элчиси Ду Дэвэнь,  «Алтынкен» жана «Кыргызалтын» ишканаларынын жетекчилиги катышты.

Гуманитардык жардам иретинде 5000 даана медициналык көз айнек, 25 000 жуп кол кап, 10 000 комплект коргонуу кийимдери, 100 даана портативдик термометр, 50 даана портативдик тепловизор берилди.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Кытай элчилигине жана «Алтынкендин» жетекчилигине  көрсөткөн жардамы үчүн Өкмөттүн атынан ыраазычылык билдирди.

— Бүгүнкү күнү Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы өздүк коргонуу каражаттарына муктаж, алар алдынкы катарда ооруга кабылган жарандардын жанында түздөн-түз жүрүшөт. 200 миң АКШ доллары суммасына Саламаттык сактоо министрлигине медициналык көз айнектер, кол каптар, коргонуу кийимдери, ошондой эле термометр жана тепловизор түрүндө көрсөтүлгөн өз убагында болду. Биз терең ыраазычылык билдиребиз, — деди вице-премьер-министр.

Ал элчи Ду Дэвэнге гуманитардык жүктөрдү жеткирүү маселелерин чечүүдөгү жеке жана жигердүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Кытай элчиси өз кезегинде кытай тарап коронавирус инфекциясы менен биргелешип күрөшүүдө көмөк жана колдоо көрсөтүп турарын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM