Биз менен байланышыңыз

ДССУ коронавирустун жаңы толкуну тууралуу эскертти

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 495 | 0

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Гебрейесус бардык мамлекеттер коронавирустун жаңы толкунунан сактанышы керектигин эскертти.

ДССУнун билдирүүсү Европа өлкөлөрү ички чек араларын ачып, Кытайдын борбору Пекинде вирустун жаңы очогу пайда болгон маалга туура келди. Гебрейесус вирус Азия жана Америкада тездик менен жайылып жатканын белгиледи.

Ушул тапта дүйнө жүзүндө COVID-19ду 8 миллион киши жуктуруп алып, 436 миңи көз жумду.

16-июндан тартып Кытай калк арасында тестирлөөнү көбөйтүп, борбор калаадагы бир нече районду карантинге жапты. Пекинде акыркы 50 күн катары менен вирус катталган эмес, учурда оорунун экинчи толкуну пайда болушу ыктымал деген кооптонуулар бар.

Ал арада 15-июндан тартып көптөгөн европалык өлкөлөр үч айлык карантинден кийин чек араларын ачып, коңшу мамлекеттерден турист күтө баштады.

Кытайдан сырткары, карантинди токтотуп, абал курчуп кеткен соң, кайра режимди киргизген өлкөлөрдүн катарына Иран, Индия кирет. Индия COVID-19 жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө 4-орунда турса, Иранда да өлүмдүн саны күч алып, кайрадан абал оорлошуп турган учур.

Copyright © 2017 Maral FM