Биз менен байланышыңыз

Жыл жыйынтыгында экономикалык өсүш 4%га жетери күтүлүүдө

Кыска кабар | 15 Июл 2019 | 529 | 0

Ушул жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш 4 %га жетери күтүлүүдө. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев маалымат жыйынында билдирди.

Алымбаев белгилегендей, экономиканын өсүү темпи акырындык менен жакшырып жатат. Ушул жылдын биринчи жарымында экономиканын өсүшү 6,4 %ды түзгөн. Ал эми «Кумтөр» ишканасын эске албаганда 2,5 %ды түзөт. Экспорттук өсүш 3,7 % түзсө, импорт 4,7 %га төмөндөгөн.

Экономика министрлигинин Макроэкономикалык саясат башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев ушул жылдын аягында экономиканын өсүшүнүн төмөндөшү божомолдонуп жаткандыгына токтолду.

«Биз «Кумтөр» ишканасын эсепке албаганда экономиканын өсүшүн 3,6 %га жетерин күтүүдөбүз. «Кумтөрдү» эсепке алганда – 4 %. Биринчи жарым жылдыкта көрсөткүчтөрдүн жогору болгондугунун себеби былтыр жылдын төртүнчү чейрегинде «Кумтөр» ишканасы көп алтын иштеп чыгарган. Ушуга байланыштуу, 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында өсүш болууда», — деди Насирдин Шамшиев.

Инфляция туруктуу деңгээлде – 0,3 %да турат.

Copyright © 2017 Maral FM