Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасында бир нече мыйзам бузуулар аныкталды

Кыска кабар | 11 Июл 2019 | 420 | 0

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен бир катар мыйзам бузуулар катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

«Ак-Тилек-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен Орусиядан 20 куб метр жыгач материал алып келаткан автоунаа кармалган. Жүк ташуучуда товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты болгон эмес.

Ошол эле көзөмөл-өткөрмө бекетинен коштоочу документтери жок 17,5 тонна айнек идиш жана 8 тонна көмүр ташып келүү фактысы аныкталган.

Мындан тышкары, «Чалдыбар-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 1 тоннадан ашуун коон ташып келе жаткан унаа кармалды. Унаанын ээсинде товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты болгон эмес.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык, андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн Экономикалык кылмыштарга күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM