Биз менен байланышыңыз

АКШ: 14-июлдан тарта мыйзамсыз мигранттарды кармоо башталат

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июл 2019 | 739 | 0

АКШ бийлиги 14-июлдан тарта мыйзамсыз жүргөн мигранттарды жапырт депортациялоо максатында рейд жүргүзүп баштайт. Бул тууралуу «The New York Times» гезити жазды.

Маалымат боюнча, Иммиграция жана бажы коргоо кызматынын кызматкерлери алгачкы этапта 2 миң адамды кармоону болжолдоп жатат. Текшерүү иштери АКШнын 10 ири шаарында жүргүзүлөт.

Басылма мындай жол эффективдүү эместигин белгилейт. Себеби, буга чейин текшерүү кызматкерлеринин мыйзамсыз жашаган мигранттардын да үйлөрүнө уруксатсыз кире албасы белгилүү болгон. «Мындан улам, бул маалыматты билген мигранттар учурдагы кармоолордун да бир айласын табат», — деп жазды аталган басылма.

Белгилей кетсек, мыйзамсыз жүргөн мигранттарды жапырт депортациялоо 22-июнда башталмак. АКШнын президенти Доналд Трамп: «Демократтар менен республикачылар чогулуп, мигранттарга башпаанек таба алабы, көрөлү», — деп, жапырт депортациялоо маселесин эки жумага жылдырган.

АКШда учурда 11 миллионго жакын мыйзамсыз мигрант бар экени айтылууда.

Доналд Трамп мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортациялоону жылдырды  

Copyright © 2017 Maral FM