Биз менен байланышыңыз

Доналд Трамп мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортациялоону жылдырды  

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июн 2019 | 726 | 0

АКШнын президенти Доналд Трамп мыйзамсыз жүргөн мигранттарды жапырт депортациялоону эки жумага жылдырды.

«Демократтардын өтүнүчү боюнча мен мыйзамсыз жүргөн мигранттарды жапырт депортациялоону эки жумага жылдырдым. Эки жумада демократтар менен республикачылар чогулуп, түштүк чек арада баш калкалоочу жай таап маселени чече алышабы? Байкап туралы», — деп жазды Доналд Трамп Twitter баракчасына.

Белгилей кетсек, мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортациялоо 22-июнда башталмак. Президент мындай билдирүүсүн 18-июнда жарыялаган.

«Алар кантип бат келишкен болсо, ошондой бат айдалат«, — деп жазган АКШнын президенти.

Copyright © 2017 Maral FM