Биз менен байланышыңыз

АКШ Ооганстандан 4 миңдей аскерин чыгарып кетет

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Дек 2019 | 761 | 0

АКШда президент Дональд Трамптын администрациясы Ооганстандагы аскерлеринин санын кыскартууну көздөөдө. Бул аракет АКШ менен «Талибан» кыймылынын сүйлөшүүсүнүн алкагында болорун CNN телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, Трамп Ооганстандан 4 миңдей америкалык аскерлерди чыгарып кетүүнү пландап жатат.

Учурда Ооганстандагы согуштук аракеттерге катышып келаткан америкалык аскерлердин саны 13 миңге жакын. Буга чейин Трамп аскерлердин санын кыскартуу ниетин билдирген болчу.

CNN билдиргендей, 2001-жылдан бери Ооганстандагы согушка АКШ 133 миллиард доллардан ашык чыгаша кылган. Бул аралыкта 2300 америка аскери, 58 миңден ашык ооган аскери  жана 38 миң жай тургун каза болгон. Андан сырткары, 42 миң согушкер жок кылынган.

Ооганстандагы конфликт

Ооганстанда бийлик талашкан куралдуу күрөш 1970-жылдардын аягынан бери токтобой келет. Тирешүүлөр 1978-жылдын апрель айында, бийликке Элдик-демократиялык партияны алып келген «Апрель революциясы» деген аталыш менен таанылган аскердик төңкөрүштөн соң башталган.

2018-жылы чыр-чатактар 7-фазага жетти.

2015-жылы өлкөдөн НАТОнун негизги күчтөрү чыгарылып, жергиликтүү бийликти колдоо үчүн гана бир аз аскер топтору калтырылган болчу.

Ооганстанда бийликке каршы топтордун тиреши дагы деле уланып келет, андан тышкары «Талибан» кыймылы да бар.

АКШ, Орусия, Пакистан жана Иран өлкөлөрү Ооганстандагы конфликтти тынчтык жолу менен чечүү үчүн салым кошуу аракетин кылып келет.

Ооганстанда 40 жылдан узакка созулган тирештен улам миллиондогон адам каза болуп, жарандардын бир тобу өлкөнү таштап чыгууга мажбур болгон.

Copyright © 2017 Maral FM