Биз менен байланышыңыз

Байден Трампты «Путиндин күчүгү» деп атады

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 531 | 0

Америка Кошмо Штаттарынан президенттикке талапкерлер Дональд Трамп менен Жо Байдендин шайлоо алдындагы биринчи теледебаты 29-сентябрда талапкерлердин айтышуусунда башталды. Дебаттын башында коронавируска байланыштуу кол алышпаган саясатчылар бири-бирин айыпташты.

Тактап айтканда, Байден Трампты «АКШнын тарыхындагы эң начар президент», «клоун», «жалганчы», «Путиндин күчүгү» деп атап, аны «расалык маанайды козутуп жатат» деп айыптады.

Трамп өз кезегинде Байдендин сөзүн үзгүлтүккө учуратып, анын акыл-эс жөндөмүнө шек келтирип, Байдендин баласынын Украинадагы ишин «коррупциялык көрүнүш» деп атады.

Коронавирус пандемиясы жөнүндө сөз болгондо, Байден Трампты «бир нече ай бою вируска маани бербей, көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келди» деп айыптады.

Трамп «эгер Байден президент болсо, курман болгондордун саны миллиондоп саналып, өлкөнүн экономикасы талкаланмак» деп каршы чыкты.

Ошол эле учурда, Трамп «шайлоодон утулуп калсаң, шайлоонун жыйынтыгын тааныйсыңбы» деген суроого түз жооп берүүдөн качты. Ал буга чейин 23-сентябрда да жооп берүүдөн качкан болчу.

Трамп менен Байдендин ортосундагы биринчи дебат Кливленд шаарында болуп, 96 мүнөткө созулду. Алардын катышуусунда дагы эки дебат болот. Ошондой эле вице-президенттикке талапкерлер Майк Пенс менен Камала Харристин дагы дебаты күтүлүүдө.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM