Биз менен байланышыңыз

Трамп өлтүрүлгөн Иран генералын «дүйнөдөгү эң башкы террорист» деп атады

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Янв 2020 | 713 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп өлтүрүлгөн Иран генералы Касем Сулейманини «дүйнөдөгү эң башкы террорист» деп атады. Бул тууралуу CentralAsia маалымат агентиги жазды.

«Өткөн түнү (29-декабрда) менин буйругум менен АКШ күчтөрү Иран каржылаган Ирак жана Сирияда жайгашкан объектилерге жана куралдуу мыйзамсыз топторго каршы абадан сокку жүргүзүштү, анын натыйжасында дүйнөдөгү эң башкы террорист Касем Сулеймани өлтүрүлдү», — деди Трамп.

«Ал акыркы 20 жыл аралыгында Жакынкы Чыгышта башаламандыкты күчөтүп, теракттарды уюштуруп келген. Биздин кечээ кылган ишти, мурда эле жасаш керек болчу»,- деп белгилеген Трамп өз сөзүндө.

Өз кезегинде, Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Маджид Тахт-Раванчи CNNге берген интервьюсунда АКШнын аракетин «согуш жарыялоо» деп атады.

«Биз болгон окуяга жөн гана көздү жумуп кое албайбыз. Биз өч алабыз, ырайымсыз өч алабыз»,- деп айтты Маджид Тахт-Раванчи.

Ошол эле учурда Трамп аталган аракетти АКШнын согушту баштоо үчүн эмес, токтотуу үчүн жасаган аракети экендигин билдирген болчу.

Маалыматтарга ылайык, генерал Касем Сулеймани жума күнү 3-январда Багдад шаарында Трамптын буйругу боюнча абадан урулган соккудан каза тапкан.

Сулеймани өз учурунда Сириядагы жарандык согуш учурунда Башар Асаддын абалы кылдын учунда болуп, сириялык режим кулайын деп турганда өзү жеке жардам көрсөткөн. Ошондой эле, ал Ислам мамлекетине каршы активдүү күрөш жүргүзүп, исламчылардын Мосулдагы стратегиялык максаттарга жетүүсүнө мүмкүнчүлүк бербей, ирактык Курдистанды коргоп, Тикрит шаарын бошотуу боюнча операциянын планын иштеп чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM