Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев өзгөчө кырдаалдардын алдын алууну күчөтүүнү тапшырды

Кыска кабар | 11 Июл 2019 | 609 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана калкты суу менен камсыздоо боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаалдар учурунда бардык тиешелүү органдар ыкчам жана биргелешип иш алып баруу керектигин баса белгиледи.

«Жарандардын өрт жана суудагы коопсуздугуна, өзгөчө жаш балдардын коопсуздугуна көңүл бурууңуздарды өтүнөм. Туристтик сезондун активдүү этабынын башталышына байланыштуу, бардык курорттук аймактарында жана башка көп эл чогулган жерлерде коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл», – деди өкмөт башчы.

Жыйындын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдардан турак жайларды камсыздоо маселеси да каралып, ал үчүн жергиликтүү жашоочуларга, айрыкча өлкөнүн кооптуу аймактарында жашаган калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги айтылды.

Өкмөт башчы жыйындын жыйынтыгында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM