Биз менен байланышыңыз

Петр Порошенко кайра суракка чакырылды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июл 2019 | 792 | 0

Мамлекеттик тергөө бюросу Украинанын 5-президенти болгон экс-президент Петр Порошенкону 17-июлга суракка чакырды. Бул тууралуу «Интерфакс» басылмасы жазды.

Бул ирет кайсы кылмыш иши боюнча сурак берерин так айткан эмес.

Учурда Украинанын Тергөө боюнча мамлекеттик бюросунда Порошенконун тиешеси бар делген сегиз кылмыш ишин тергөө жүрүп жатат. Анын катарында «Центрэнерго» ишканасындагы кызматтарды бөлүштүрүүдө кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланды», «Керч кысыгына байланыштуу мамлекетке  чыккынчылык кылган», — деген айыптар бар.

 

Copyright © 2017 Maral FM