Биз менен байланышыңыз

Акыркы 6 айда келген түз инвестициянын көлөмү өстү

Кыска кабар | 11 Июл 2019 | 665 | 0

2019-жылдын 6 айында Кыргызстанга келген түз инвестициялардын көлөмү 176,7 млн долларга жетти.

Бул өткөн жылга салыштырганда 48,9 пайызга өскөн.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитети жарым жылдык боюнча чыгарган маалымат жыйында айтылды.

Анын 57,3 пайызы геологиялык чалгындоо тармагына таандык болсо, пайдалуу кендерди казуу тармагы 16,6% болгон.

Маалымат жана байланыш тармагына келген түз инвестиция  жалпы көлөмдүн 7,2 пайызына жеткен.

Ал эми дүң жана чекене соода 6,1 пайыз, Иштетүү өндүрүшү 5,8%, пайыз көрсөткүч болгон.

Тике инвестициялардын 68,9 пайызы Кытайдан келген.

Copyright © 2017 Maral FM