Биз менен байланышыңыз

6 айда ички дүң өндүрүм 6,4 пайызга өстү

Кыска кабар | 11 Июл 2019 | 677 | 0

2019-жылдын I жарым жылдыгындагы алдын ала баалоолор боюнча ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 232 миллиард сомдон ашты. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,4 пайызга жогорулаган. Бул маалыматты Улуттук статистика комитети билдирди.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүн өндүрүмдүн көлөмү 207 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,1 пайызга өскөн.

Ал эми өнөр жай өндүрүмүнүн көлөмү 2019-жылдын 6 айында 127 миллиард сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 19,7 пайызга жогорулаган. Айыл чарбасында реалдуу өсүү 1,7 пайызды, курулушта 5,5 пайызды жана дүң жана чекене соодада өсүү 4,7 пайызды түзүп, жылыш байкалган.

Copyright © 2017 Maral FM