Биз менен байланышыңыз

Тажикстандагы DAAD маалымат борбору жабылды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июл 2019 | 632 | 0

Илимий ишкерлерге жана студенттерге тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн Германиянын академиялык алмашуу кызматынын (Deutscher Akademischer Austauschdienst — DAAD) Дүйшөмбү шаарындагы маалымат борбору жабылды. Мындай кабарды DAAD’дын маалымат катчысы Кордула Лукассен 10-июлда «Озоди» радиосуна кат түрүндө билдирген.

Дүйшөмбүдөгү борборду жабуу чечими Германиянын академиялык алмашуу кызматы 57 өлкөдөгү маалымат борборлорунун иштөөсүн иликтеп чыккандан кийин кабыл алынган.

«Анализге ылайык, биздин башка өлкөлөрдөгү, анын ичинде Орто Азиядагы борборлор Тажикстанга салыштырмалуу бир топ жогорку макамга ээ. Ошондон улам, Дүйшөмбү шаарындагы DAAD маалымат борборун жабууну чечтик», — деп билдирген Лукассен.

DAAD – эл аралык академиялык алмашууларды колдоо максатында коомдук бирикмелерден түзүлгөн ири германиялык уюм болуп саналат.

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында DAAD маалыматтык борбору 2004-жылы ачылган. 15 жыл аралыгында 700дөн ашык тажик студенти менен илимпоздору Германиянын жогорку окуу жайларында бекер билим алып, тажрыйбаларын жогорулатып келишкен.

DAAD программасы Кыргызстандагы студенттерди 1991-жылдан бери колдоп келет. Бишкектеги маалымат борбору 2004-жылы ачылган.

Copyright © 2017 Maral FM