Биз менен байланышыңыз

Венесуэла бийлиги оппозиция менен сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болгонун айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июл 2019 | 489 | 0

Венесуэла президенти Николас Мадуронун администрациясынын өкүлдөрү бийликтин оппозиция менен болгон сүйлөшүүсү ийгиликтүү өттү деп эсептейт. Бул тууралуу Боливария Республикасынын байланыш жана маалымат министри Хорхе Родригес билдирди.

«Эки тараптуу жолугушууда көйгөйлөр конституциялык жана тынчтык жолу менен чечилүүдө. Ийгиликтүү сүйлөшүүлөр Норвегия бийлигинин ортомчулугунда өтүп жатат», — деп жазды Twitterдеги баракчасында.

Оппозиция менен бийликтин сүйлөшүүсү 8-июлда Барбадосто башталган. Жолугушуунун алгачкы күнү позитивдүү маанайдагы эки тараптуу маек 5 саатка созулганын Венесуэланын президенти Николас Мадуро билдирген болчу.

Кошумчалай кетсек, Венесуэлада жыл башынан бери кош бийлик өкүм сүрүүдө. Өзүн утурумдук президент деп жарыялап алган оппозиция лидери Хуан Гуайдону АКШ баш болгон 50дөн ашуун мамлекет колдосо, азыркы президент Николас Мадурону Орусия, Кытай, Түркия сыяктуу чоң өлкөлөр колдоп келет.

БУУ эки тараптуу кагылышуудан 7 миңден ашык жаран каза болгонун маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM