Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Көмүр чыккан Жыргалаӊ туризм очогуна айланды

Коом | 10 Июл 2019 | 227 | 0

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан 285 чакырым алыстыкта жайгашкан Жыргалаӊ мурда көмүр шахтасы катары таанылып келсе, эми төрт мезгил турист үзүлбөгөн жайга айланды.

Аймакта 6 ай кыш мезгили болгондуктан, лыжа базага барган эс алуучулардын саны үзүлбөй, жаз-күз мезгилинде ат менен табияты кооз тоолорду кыдырууну каалагандар көп. Мындай мүмкүнчүлүк айылдын инфратүзүмдүк абалын жакшыртуу менен элет элинин кирешесин арттырып жатат.

Мен Австралиядан болом. Бул учурга чейин Кыргызстан, анын ичинен Ысык-Көлдүн тоолору туурасында көп уккам.  Акыркы жолу Жыргалаӊ жөнүндө интернеттен да карадым. Анан досторум эс алып келүүгө сунуш кийирип, ушул жакка келип отурабыз, — деди Кетрин Вей.

Быйыл ушул сыяктуу эле саякатты Кыргызстандан баштаган туристтер Жыргалаӊ тоолору менен жакындан таанышууда. Анткени, меймандарды калктын меймандостугу суктандырып, кыргыз элинин көчмөн маданий салты кызыктырат. 

— Тоого келүүбүздүн себеби, кыргыз элинин жашоо-турмушу менен таанышууга кызыкдарбыз. Анткени, бул учурга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтүп, кереметтүү маданий иш-чаралар болгон эле. Андыктан, жайлоодогу чыныгы боз үй, чыныгы күнүмдүк тиричилик, тоого чыгуу, ат минүү биз үчүн өзгөчө болду, — деди дагы бир турист.

Айтмакчы, келген меймандардын жоопкерчилигин алган бир катар туристтик компаниялар чокудагы альп-лагерге чейин коштоп жүрүшөт. Аны менен катар тейлөөгө болгон баалар арзан, сапаты дал келерине туристтер ыраазы болуп кайтышат. Алардын бири Латвиядан келген альпинист Марис Бэервич: «Кыргызстанды башка өлкөлөргө салыштырып болбойт», — деди.

— Мен бул учурга чейин Исландияда болгом. Ал жакты бул жактын керемет жери менен салыштырып болбойт, ал жактын жөн гана дөӊсөө тоолору бар. Экинчиден, бул жакта баары арзан, тейлөө шарты да бизге ыӊгайлуу. Кааласак улуттук, кааласак европалык тамак-аштан ооз тиебиз. Мисалы, Испаниядагы бааларды бул жакка салыштырганда ал жактан 15 эсе арзан экен. Бир литр сыраны бул жактан 80 сомго алсак, ал өлкөдөн 800 сомдун тегерегинде алчубуз.

Сөз кылып жаткан Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаӊ айылы мурда шахтерлор шаарчасы катары таанылса, акыркы 3 жылдан бери туризмге бел байлады. Жаӊы кадамдын ишке ашуусу элеттиктерди көмүргө болгон көз карандылыктан сууруп чыгып, оӊой жол менен киреше табууга өтүштү. Алардын катарында Руслан Жусупов да бар.

— Быйылкы туристтер былтыркыдан көп. Айылыбызда жылдан-жылга чет элдик меймандардын саны көбөйүүдө. Бул жылы туристтерди ат минүүгө да кызыктырдык. Себеби, облустагы башка тоолорго салыштырмалуу Жыргалаңда таш деген жок, ат бастырганга ыӊгайлуу. Албетте, жөө жүрүштөрдү да жокко чыгарган жокпуз, ал үчүн биздин жол көрсөтүүчү гиддер 5 күн, 1 апталап төргө чыгып кетишет. Ал эми бир күндүк же жарым күндүк жүрүштөргө аттарыбызды даярдап, меймандарды алып чыгабыз. Биздин жаӊы кызматыбыз — кирешелүү жана оӊой.

1 миӊ 33 эли бар Жыргалаӊда мурда жаштардын көбү жумушсуздуктун айынан айылын таштап кетүүгө аргасыз болсо, эми тескеринче тил үйрөнүп, туристтерди жылуу маанайда тосушат. Ал ортодо электр жарыгы, даңгыр жол сыктуу маселелери да жолго түшүп, 10дон ашуун жаӊы конок жай салынды. Бул кадамга чакырык таштаган «Жыргалаӊ Дестинациясы» туристтик конок үйү өздөрүн эле өнүктүрбөстөн, жанындагы 10го жакын конок үйгө тажрыйба бөлүшүп, колдоо көргөзүп жаткандарын ишкер Гульмира Примова белгилейт.

— Жыргалаӊ — райондун тоолуу аймагына кирген эӊ эле четки айылдарынын бири. Андыктан, табигый жаратылыштын кооздугун интернет аркылуу чет элдиктерге жарнамалап, өзүбүзгө тарта алуубуз — биздин жемишибиз. Бааларга токтолсок, анчалык кымбат эмес, туристтердин чөнтөгүнө ылайыкталган. Быйыл кышкы лыжа тебүү мезгили аяктабай жатып, жайкы туризм башталды. Бул жак жыл бою туризмге айланса, айылыбыздагы ишкерлер менен эч качан атаандаштык жаралбайт. Анткени, ар дайым бири-бирибизди колдоп, тажрыйба бөлүшөбүз.

Маалымдай кетсек, учурда көл сезону Борбор Азияны кызыктырса, тоо туризми Америка, Австралия жана Батыш Европалыктардын назарында.

Copyright © 2017 Maral FM