Биз менен байланышыңыз

Көкөмерен дарыясынан аял кишинин сөөгү табылды

Кыска кабар | 10 Июл 2019 | 556 | 0

Бүгүн, 10-июлда, саат 17:20да Арал айылынан 2 чакырым ылдый Көкөмерен дарыясынан аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

30-июнда Чүйдүн Жайыл районундагы Көкөмерен дарыясына автоунаа түшүп кеткени кабарланган. Алар Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев жана анын үй-бүлөсү экени айтылган.

Мындан улам, сууга түшүп кеткен унаадагы адамдарды издөө иштери жүрүп жаткан. Анын негизинде 2-июлда Молдакун Абдылдаевдин жана айдоочусунун, 4-июлда небересинин сөөгү табылган.

Учурда өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана жергиликтүү тургундар тарабынан Абдылдаевдин баласынын сөөгү изделүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

 

Copyright © 2017 Maral FM