Биз менен байланышыңыз

Айкөл баяны англис тилинде

Билим-маданият | 10 Июл 2019 | 900 | 0

Америкада жашаган жердешибиз Акылай Байматова «Манас» эпосун англис тилине которуп, мындан бир жыл мурун 370 беттен турган китепти басмадан чыгарган. Ал котормо үчүн Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин вариантынын негизинде Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев кыскартып түзгөн китепти, ошондой эле, эпоско тиешелүү түрдүү материалдарды колдонгон. 

«Бала кезимде ата-энемден «Манас» эпосу тууралуу угуп чоңойдум. Кийин Америкада жашап жүргөндө, «Балдарыма өз элимдин маданиятын кантип тааныштырсам?» — деп ойлонуп жүрүп, ушуга токтолдум», — дейт Акылай Байматова. Ошол эле учурда, чет элдик котормочулар тарабынан которулган эпостун англис тилиндеги варианты канааттандырбаганын айтат.

— Уолтер Мей аттуу акын англис тилине которгонун билчүмүн. Кийин окуп чыксам, жеткиликтүү которулбаптыр. Ал котормодо Манастын образы таптакыр жок. Же англис тилинде эмес, же орус тилинде эмес болуп калган. Анткени, котормочу кыргызча да, орусча да билбейт.

Мындан тышкары, эпосту которууда өз тажрыйбасына таянганын, айрым татаал маселе жаралганда, апасынан да кеңеш сурап турганын билдирди. Ошондой эле, Дениел Жонсон аттуу музыкалык билими бар редактор эпосту ыргагынан бузбай которууга салым кошконун жашырбады. Ал эми китеп Америкада жана Кыргызстанда жарык көрүп, аз санда болсо да, окурмандарын таап жатканын белгиледи.

— Англис тилине ыр түрүндө которуп баштаганда арсар болдум. «Колуман келеби же келбейби?» — деп ойлондум. Адегенде балдарым үчүн которгом. Кийин адабиятчы мугалимдерге көрсөтсөм, жакшы которулганын айтышты. Жолдошум да колдоп, дем берди. Ага чейин китеп кылып чыгарайын деген оюм жок эле.

Манасчы Рысбай Исаков: «Манас» эпосун которууда атайын мыйзамдарды кабыл алуу керек», — дейт.  Анткени, өз алдынча которууда буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй, эпостун айрым бөлүктөрү бурмалоолорго учурап калат. Ал эми Акылай Байматованын эмгегин баалоо керектигин, бирок, окуп чыкпаган соң пикир билдире албасын айтты.

— Котормо – өтө жооптуу иш. Ал эми «Манас» эпосун кандай негизде, кайсы вариантты которобуз?» — деген суроого жооп берген багыт болушу керек. Мамлекеттин эң жогорку сыймыгы болгондон кийин, ар ким өз алдынча которуп, жайылта бергени дурус эмес. Ал үчүн атайын уруксат берип, көзөмөлгө алынышы керек деп эсептейм.

Белгилей кетсек, Акылай Байматова «Манас» эпосуна улай, «Семетей», «Сейтек» эпосторун да которуп, басмага даярдап жатканын маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM