Биз менен байланышыңыз

Жаңы мектеп салууга бөлүнгөн каражат жетпейт

Билим-маданият | 10 Июл 2019 | 571 | 0

Өлкөдө коррупциядан түшкөн каражаттарга мектептердин жанына кошумча корпустар курулат. Бул тууралуу Президентик Аппараттын маалымат кызматы билдирди. Тактап айтканда, Чүй облусундагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы 15 мектептин имараттарына кошумча корпустарды куруу үчүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Бирдиктүү депозиттик эсептен 799,3 млн сом бөлүндү. Бүгүнкү күндө жаңы курула турчу корпустардын даярдоо иштери башталды.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында келип түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу жөнүндө буйрукка 2018-жылдын 16-майында кол койгон. Ошол эле жылдын июнь айында Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылып, андан түшкөн каражатка мектептердин жанына кошумча корпус салып берүү иштери башталды. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин стат-катчысы Самат Бөрүбаевдин берген маалыматына таянып айтсак, корпустарды куруу үчүн 6 ай убакыт талап кылынат. Бүгүнкү күндө алгачкы даярдоо иштери жүрүп жатат.

— Коррупциялык иштерден түшкөн каражаттарга мектептин жанына ар кандай орундуу корпустарды салуу иштери башталды. Ар кайсы жерге, ар кандай орундуу мекемелер салынат. Мунун себеби, мектепке окуучулар батпай жаткандыгынан болуп жатат. Бөлүнгөн каражат 15 корпус салганга толугу менен жетпейт. Жакындап калганда дагы каражат которулат. Ага чейин долбоору каралып, иштердин биринчи баскычтары башталды.

Мындан тышкары, 15 мектептин жанына салынуучу кошумча корпустарга жалпысынан 799,3 млн сом бөлүнгөнүн, бирок бул сумма башталып жаткан иштерге толугу менен жетпей турганын кошумчалады.

Эгерде коррупция менен күрөшүүдөгү каражатты санап келсек, корпус эле эмес, заңгыраган заманбап мектептер курулмак. Мындай пикирди Ак-Ордо жаңы конушунун жашоочусу Бурул Асылбаева билдирди. Анын айтымында, аталган конушта бир гана мектеп бар болгондуктан, окуучу батпай, көпчүлүк ата-энелер балдарын шаардын мектептерине окутууга аргасыз болушууда.

— Коррупциядан түшкөн акчага мектеп салдырабыз деп жатат. Бул — жакшы, бирок которо турган каражат аябай эле аз. Эгерде чындап коррупцияны жоебуз десе, андан да көп акча түшмөк. Мектептердин жанына корпус эмес, мектеп өзү турмак. Буга чейинки салынган мектептерди көрүп жатабыз. Убактысынан өтүп бүтүп жатат. Кээ биринин сапаты мамлекет которгон каражатка дал келбейт. Мен жашаган жакта бир эле мектеп бар. Окуучулар батпай, ата-эне жана балдар убара.

Мектепти салганга жараша, заманбап жана бардык талаптарга жооп бергидей болушу керектигин айтат архитектор Адилет Жумалиев. Ал: «Куруучулардын бала бакча же мектеп куруудагы чеберчилиги бийик болгону менен, каражат маселеси көп нерсеге тоскоолдук жаратып, чектелип калышууда», — дейт.

— Башка мамлекеттердикине салыштымалуу биздин мектептер тар. Балдар кысылып окуйт, бардык окуу класстары чектелүү. Бирок минтип билим берген болбойт. Анткени, өсүп жаткан балдардын ой жүгүртүүсү, жасаган иштери да башкача болот. Андай мектептер Кыргызстанда жок деп айтууга болбойт, бирок алардын окуу системасы да кымбат.

Ал эми экономист Эрлан Камаловдун айтымында, Кыргызстан мектеп салуу боюнча 10 жыл мурунку ыкманы колдонот. Ошондой эле, бюджеттен бөлүнгөн каражат, сапат жана убакыт маселелери көп учурда каралбай калат.

— Мурда мектептер ашар жолу менен салынып келсе, азыр өлкө боюнча бир типтеги мектептер көбөйүп жатат. Учурда мектеп салганга ылайыктуу жерлердин жоктугуна байланыштуу, атайын жанына кошумча корпустарды курууга аргасыз болушууда. Сапаты боюнча айтсам, бөлүнгөн каражатка эле көз каранды да.

Кошумчалай кетсек, кошумча корпустар Бишкек шаарындагы 7 мектептин, Чүй облусундагы 9 мектептин жана Ош шаарындагы № 7 Нариман мектеп-гимназиясынын жанына салынат.

Copyright © 2017 Maral FM