Биз менен байланышыңыз

АКШ «Huawei» компаниясына болгон чектөөнү жеңилдетти

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июл 2019 | 571 | 0

АКШнын президенттик администрациясы Америка бизнесмендеринин кытайлык «Huawei» компаниясы менен кызматташуусуна киргизилген чектөөлөрдү жеңилдетти. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда «Financial Times» басылмасы жазды.

АКШнын Соода министри Уилбур Росстун маалыматына ылайык, Вашингтон өзүнүн товарларын кытай өндүрүүчүлөрүнө сатууга жол берет. Ал үчүн Америка ишкерлери атайын уруксат кагазын алууга милдетүү.

Ошол эле учурда, «Huawei» компаниясы кара тизмеден толук чыкпаганын билдирди.  Мындан тышкары, Кытай болгон сүйлөшүүдө өнүгүү болбосо, «Huawei» компаниясына киргизилген чектөөнү кайра күчөтөрүн айтып, келишимдин канча мөөнөткө созулары боюнча так маалымат берген жок.

Белгилей кетсек, эки жума мурда АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон менен Пекин Осакадагы «Чоң-20» саммитиндеги жолугушууда убактылуу элдешкенин кабарлаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM