Биз менен байланышыңыз

Европа: Адистер дүйнөдөгү эң мыкты смартфонду аныкташты

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Авг 2019 | 519 | 0

Huawei компаниясына таандык «P30 Pro» Сүрөт жана үндү иштеп чыгуу боюнча Европа ассоциациясы (EISA) тарабынан 2019-2020-жылдардын эң мыкты смартфону деп таанылды.

Рейтингге абройлуу компаниялардын 50 аудио жана видеотехникалары катышкан.

Huawei’дин телефону EISA’нын тандоосу боюнча экинчи ирээт мыкты смартфон аталды. 2018-жылы компаниянын «P20 Pro» смартфону биринчи орунга татыган.

Мурдагы жылдарга салыштырмалуу OnePlus’тын «7 Pro» үлгүсүн сатып алгандардын саны өскөн.

Ал эми Xiaomi’нин «Redmi Note 7» смартфону «Эң мыкты сатып алуу» категориясы боюнча атаандаштарын артта калтырды.

Белгилей кетсек, Huawei, OnePlus жана Xiaomi — үчөө тең кытайлык компания.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM