Биз менен байланышыңыз

Huawei компаниясы жеке системасын ишке киргизет

Дүйнө , Кыска кабар | 23 мая 2019 | 625 | 0

Huawei компаниясы күздөн баштап,  жеке операциялык системасын ишке киргизет. Бул тууралуу аталган компаниянын директору Ю Чендун өздүк баракчасына жарыялаган.

Директордун маалыматына таянып айта турган болсок, өздүк системанын ишке кириши компаниянын чет өлкөлүк операциялык системаларга болгон көз карандысыздыгын шарттайт. Муну менен алар смартфон, компьютер, планшет, телевизор, автоунаа сыяктуу өздүк товарларын да бир системага бириктире алат. Ошондой эле, мындай кадам АКШ менен Кытайдын ортосундагы алаканын бузулушунан улам жасалып жатканын билдирген директор.

Эске салсак, АКШ президенти Дональд Трамптын колу коюлган буйруктун негизинде, АКШ Соода министрлиги буга чейин Huawei  компаниясын кара тизмеге киргизген. Мындан улам,  Google компаниясы Android системасын аталган компаниянын смартфондорунан алып салган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM