Биз менен байланышыңыз

G20 Кытайды кодулоодобу?

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 555 | 0

«Кытай өзүнүн өзөктүү кызыкчылыгына төп келбеген бардык жыйындардын декларациясын четке кагат. Эгер G20нын саммитинде дагы мындай маселе каралса, Пекин анын чечимдерин кабыл албайт жана аягына чейин каршы турат. Ошентсе дагы биз G20нын бардык талкууларында өз позициябызды билдирип, жыйынтыктоочу декларациясын кабыл алууга катышабыз. Бирок саммиттин катышуучуларын теңдикке, толеранттуулукка жана башкалардын кызыкчылыгын да эске алууга чакырабыз«.

Мындай билдирүүнү Кытайдын Тышкы иштер министринин орун басары Чжан Цзюнь жарыялады.

30-ноябрда Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында өтө турган дүйнөнүн эн күчтүү экономикасына ээ 20 мамлекеттин башчылары чогулушат. Бул ири форумда глобалдык экономикалык маселелер талкууланат. Каралчу маселелерде Кытай-АКШ ортосундагы санкциялар согушу жана Кытайдагы этникалык азчылыктардын укугунун тебеленишине байланышкан санкциялардын ишке кирүүсү да каралуусу ыктымал.

Эске сала кетсек, өткөн аптада Азия-Тынч океан өлкөлөрүнүн экономикалык саммитинде Кытай менен АКШнын ортосундагы пикир келишпестиктен улам жыйынтыктоочу декларация кабыл алынбай калган. Алдыдагы форумда да ушундай натыйжанын күтүлүү ыктымалдыгы бар.

Copyright © 2017 Maral FM