Биз менен байланышыңыз

Аргентина: президенттик шайлоодо оппозиция талапкери жеңип чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Окт 2019 | 674 | 0

Аргентинадагы президенттик шайлоодо оппозициялык кандидат Альберто Фернандес атаандашы, учурдагы президент Маурисио Макрини жеңип чыкты. Ал эми мамлекет башчы Макри каршылашын шайлоодогу жеңиши менен куттуктап өттү. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.

Макри шайлоодогу атаандашын телефон аркылуу куттуктап, мамлекет иштерин өткөрүп берүүнү талкуулоо үчүн Фернандести жолугушууга чакырганын билдирди.

«Бул тандоо — Аргентина элине бейпилдик алып келе тургандай бурулуш болуусу кажет«,- деди өлкө башчысы.

Маалыматка ылайык, 96% жалпы добуштун жыйынтыгында Фернандес 48% элдин колдоосуна ээ болгон. Бул жеңиш үчүн жетишерлик добуш экени айтылууда. Ал эми учурдагы президент Макри шайлоочулардын 40,4% добушун чогулткан.

Copyright © 2017 Maral FM