Биз менен байланышыңыз

АКШ менен Кытай соода согушун токтотот

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 552 | 0

АКШ менен Кытай убактылуу түрдө соода согушун токтотуп турууга макулдашышты. Мындай маалыматты «South China Morning Post» басылмасы билдирди.

Чечим Жапониянын Осака шаарында өтүүчү «Чоң-20» саммитинин алдында кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, Кытай лидери Си Цзинпин АКШ президенти Дональд Трампка саммитте жолугушуу үчүн кошумча бажы салыктарын алып салуу талабын койгон. Кытай товарларына карата жаңыдан киргизилген кошумча бажы салыктары 300 миллиард долларды түзүп, бардык экспортторго таасирин тийгизмек.

Эл аралык валюталар фонду, май айында АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода согушу ушул темпте уланса, 2020-жылы жалпы дүйнөлүк экономика 0,5 пайызга кыскарарын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM