Биз менен байланышыңыз

Жапонияда «Чоң-20» саммити башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июн 2019 | 609 | 0

Бүгүн, 28-июнда дүйнөнүн 20 мамлекети мүчө болгон «Чоң жыйырмалык» саммити башталды. 28-29-июнга белгиленген 2 күндүк иш-чара Жапониянын Осака шаарында өтүп жатат.

Саммиттин алкагында бир катар дүйнөлүк маселелер: алсак, Украина менен Орусиянын ортосундагы чечилбеген аймактар, Сириядагы абал, Ооганстан, Венесуэладагы кырдаал, «Иран программасы», АКШ-Кытай соода согушу сыяктуу талаш жагдайлар талкууланары күтүлүүдө.

Мындан тышкары, айрым өлкөнүн башчыларынын эки тараптуу жекече жолугушуулары да саммиттин прогаммасына камтылган.

Белгилей кетсек, «G-20» саммитине Австралия, АКШ, Аргентина, Бразилия, Германия, Жапония, Индия, Индонезия, Италия, Канада, Кытай, Мексика, Орусия, Сауд Аравия, Түркия, Франция, Түштүк Африка Республикасы, Түштүк Корея, Улуу Британия өлкөлөрү жана Европа Биримдиги мүчө болгон. Андан тышкары, жыйындын жүрүшүнө эл аралык уюмдар: Каржылык Туруктуулук боюнча Кеңеши,  Эл аралык Валюта Фонду,  Дүйнөлүк Соода Уюму, Бириккен Улуттар Уюму жана Дүйнөлүк Банк байкоо салат.

Copyright © 2017 Maral FM