Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Жапонияда 3700 жүргүнчүсү болгон круиздик лайнер карантинге алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Фев 2020 | 1165 | 0

Жапониялык «Алмаз ханышасы» (Diamond Princess) аттуу круиздик лайнеринде 10 адамдын коронавируска кабылганы аныкталды. Ичинде 3700 жүргүнчүсү бар лайнер карантинге алынып, Йокогаманын портуна токтотулду.

Йокогамадан 20-январда чыккан кеме Кагосима – Гонконг – Окинава багытында жүрүп, 3-февралда кайрылып келмек. Бирок, өз мекенине жеткенде лайнерден түшүп калган 80 жаштагы Гонконг тургуну 2019-nCoV вирусун жуктурганы аныкталды. 3-февралга карай кемедеги бир нече адамдын абалы начарлап чыккан. Жапония бийлиги кемени сууда кармоо чечимин чыгарып, экипаж мүчөлөрүн  жана 3700 жүргүнчүнүн баарын текшерип чыгышкан.

Натыйжада бүгүн, 5-февралда бортто 10 адам илдетке чалдыкканы аныкталып, алардын баары ооруканага жеткирилген.

Ал эми кеменин калган жүргүнчүлөрү менен экипаж мүчөлөрүн 14 күн карантинге алып, кемеде кармап туруу чечими чыккан.  

Учурда коронавирусту жуктурган 24 миң 426 адам катталды. Ушул убакытка чейин 491 адам каза тапса, 902 киши сакайган.


5-февраль: Коронавирустан айыккандардын саны өстү [хронология]

Copyright © 2017 Maral FM