Биз менен байланышыңыз

Москвада дайынсыз жоголду делген жаран табылды

Кыска кабар | 10 Июл 2019 | 414 | 0

Издөөдө жүргөн 1998-жылы туулган кыргызстандык С. Э. аттуу кыз Орусиянын Москва шаарынан табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дайынсыз жолголду делген кыз ушул жылдын апрель айында Жалал-Абад облусунун Аксы районунан келип, Москва шаарында иштеп жүргөн. Кийинчерээк байланыш үзүлүп калган.

Бул боюнча 30-июнда кыздын эжеси К.К. КР ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө телефон аркылуу кайрылган. Алар жоголгон адамды кандай жол менен издөө керектиги боюнча түшүндүрмө беришкен. Бирок, өз алдынча издөө натыйжа бербей, кыздын апасы А. К. Москва шаарына учуп келип, ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кызынын табылбай жатканын айткан. Мунун натыйжасында, Орусия ИИМинин Москва шаардык бөлүмү ыкчам издөөлөрдү жүргүзүп, жоголгон кызды Москва шаарынан таап беришти.

Табылган кыздын айтымында, ал уюлдук телефонун жоготуп ийгендиктен, байланыш үзүлүп калган. Кийинчерээк жашаган жерин алмаштырган. Бирок, бул боюнча маалымат бергенге үлгүргөн эмес.

Учурда апасы менен кызы Кыргызстанга кайтып келишти.

Copyright © 2017 Maral FM