Биз менен байланышыңыз

Түркияда өлтүрүлгөн Кыргызстандын жараны боюнча ТИМ билдирүү жасады

Кыска кабар | 10 Июл 2019 | 590 | 0

Түркиянын Аланья шаарында белгисиз адам атып кеткен М. Иманалиевдин өлүмү боюнча Кыргызстандын прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, М. Иманалиевди атууга шектелгендерди Түркиянын күч түзүмдөрү изи сууй электе колго түшүргөн. Учурда адам өлтүрүү фактысынын себептери такталууда.

Ошондой эле, Кыргызстандын Стамбулдагы башкы элчилиги тарабынан М.Иманалиевдин сөөгүн «Анталья-Стамбул-Бишкек» багыты боюнча алып келүү каралып жатат. Сөөктү Стамбулдан Бишкекке акысыз жеткирүү үчүн «Пегасус Азия» авиакомпаниясы менен макулдашылды.

Ал эми сөөктү Антальядан Стамбулга алып келүү, андан тышкары, ырасым кызматтарын төлөө маркум эмгектенген ишкана тарабынан каржыланат.

Кыргызстандын Стамбулдагы элчилиги Антальядагы кыргыз диаспорасы менен биргеликте маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүүгө бардык жардамдарды көрсөтөрүн, бул маселе туруктуу көзөмөл астында болорун айтышты.

Copyright © 2017 Maral FM