Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстандын «эль класикосу» «Алай»-«Дордой» беттешет

Кыска кабар | 10 Июл 2019 | 471 | 0

Бүгүн футбол боюнча Кыргызстандын премьер-лигасынын «эль-классикосу» атыккан «Алай» — «Дордой» беттеши өтөт.

Ахматбек Сүйүмбаев атындагы футбол талаасында Оштун «Алай» клубу Бишкектин «Дордой» командасын кабыл алат.

Беттешти Дмитрий Машенцев башында турган калыстар тобу тейлейт.

Чемпионаттын экинчи айлампасынын башкы беттеши саналган оюн жергиликтүү убакыт боюнча 18:15те башталат.

«Алай» 13 турдагы 13 беттештин жыйынтыгы менен мелдештин жадыбалында 34 упай топтоп, биринчи орунда, ал эми 12 оюн өткөргөн «Дордой» 26 упай менен экинчи сапта келатат.

14-турда ошондой эле, «Абдыш Ата» — «Нефтчи», «Алга» — «Илбирс», «Академия-Лидер» — «Кара-Балта» беттештери өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM