Биз менен байланышыңыз

Ноокат районунда эгин жыйноо башталды

Кыска кабар | 9 Июл 2019 | 646 | 0

Ноокат районунда эгин чабык башталды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган ишке байланыштуу Ноокат районунун Таш-Булак айылында райондун Агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен Жаңы-Ноокат айыл аймагынын жетекчилиги уюштурган семинар өткөрүлүп, анын алкагында техникалык кооптуулуктун жана өрт кырсыгынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Семинарга райондогу айыл аймактарынын тиешелүү адистери, дыйкан-фермерлер, райондук Өрт өчүрүү бөлүмү жана Араван, Кара-Суу районунан келген өкүлдөр катышты.

Copyright © 2017 Maral FM