Биз менен байланышыңыз

Күрөш: Акылбек Талантбеков Азия чемпионатынын финалына чыкты

Кыска кабар , Спорт | 9 Июл 2019 | 778 | 0

Таиланддын Чонбури шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында Акылбек Талантбеков финалга чыкты. Мелдешти unitedworldwrestling.org түз көрсөтүп жатат.

77 кг салмакта күч сынашып жаткан Акылбек Талантбеков жарым финалда кытайдын балбанын 6:0 эсебинде утуп алды.

Акылбек мелдештин чейрек финалдык этабынан баштап күрөшүп, өзбекстандык Дильшод Омонгелдиевди уткан болчу.

Эми финалда Акылбек Талантбеков ирандык Mohammad Aziz NAGHOUSI менен алтын байге үчүн күрөшөт.

Коло жана алтын байге үчүн финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча 16:00дө башталат.

Мелдештин биринчи күнү кыргызстандык 4 балбан килем үстүнө чыкты.

Нурсултан Махмудов (63 кг) жана Азат Салидинов (87 кг) коло байге үчүн таймашат. Куттубек Абдыкерим уулу (55 кг) медаль үчүн жарыштан четтеп калды.

Copyright © 2017 Maral FM