Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Орусияда өткөн эл аралык грек-рим күрөшүнөн 6 алтын медаль утту

Кыска кабар , Спорт | 16 Фев 2020 | 502 | 0

Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбандары Орусиянын Новокузнецк шаарында өткөн эл аралык мелдештен 11 медаль утушту.

14-16-февраль күндөрү Орусиянын Новокузнецк шаарында СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Валентин Олениктин жаркын элесине арналган Бүткүл Орусиялык эл аралык мелдеш өттү.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбандары 11 медаль утту. Алардын алтоо — алтын, 3 күмүш жана 2 коло.

  • Балбай Дордоков (55 кг) -биринчи орун,
  • Халмурат Ибрагимов (67 кг)- экинчи орун,
  • Кайрат Түгөлбаев (77кг)- биринчи орун,
  • Акжол Махмудов (77 кг)-экинчи орун,
  • Атабек Азисбеков (87 кг)- биринчи орун,
  • Үзүр Жусупбеков (97 кг)- биринчи орун
  • Мурат Рамонов (130 кг) — биринчи орун,
  •  Дастан Кадыров (60кг)- экигнчи орун,
  • Султанбек Абдуллаев (72кг)- биринчи орун,
  • Ильгиз Билимов (82кг) -үчүнчү орун,
  • Рустам Рахматуллаев (82кг)- үчүнчү орун.

Copyright © 2017 Maral FM